Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

Краматорсктогу аткылоодо жети адам набыт болду


Украинанын чыгышындагы Краматорск шаарындагы аткылоодон жети жай тургун мерт кетип, 16сы жараат алды. Бул тууралуу шаардык администрациядан кабарлашты. Киев бул аткылоо үчүн орусиячыл жикчилдерди күнөөлөп жатат. Украинанын аскерий командачылыгынын маалыматында, жикчилдер ракетадан шаардагы аэропорттогу аскерлерди мелжеген. Бирок аткылоого жай тургундар жашаган райондор туш болгон.

Украина президентинин кеңешчиси Юрик Бирюковдун маалыматында, аткылоо маалында эки аскер каза болуп, тогузу жараат алды.

Жикчилдер болсо бул маалыматты четке кагып, Киевдин чагымы деп атап жатышат.

XS
SM
MD
LG