Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Орусия: учкуч Савченконун камактагы мөөнөтү үч айга узартылды


Камактагы украиналык учкуч Надежда Савченконун абактагы мөөнөтү 13-майга чейин узартылды. Мындай чечимди бүгүн Москванын Басман райондук соту кабыл алды. Савченконун адвокаттары учкучтун саламаттыгы начарлап жатканын айтып, үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Бирок сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Январдын аягында Савченкого чек араны бузуп өткөнү боюнча экинчи кылмыш иш козголгон. Ага чейин ал орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деп айыпталган эле.

60 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Надежда Савченко өзүнө тагылган айыпты четке кагып келет. Ушул аптада анын адвокаттары Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылып, учкучтун ишин тезинен кароону өтүнгөн.

Буга чейин Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы Савченкону бошотууга чакырган. Надежда Савченко “Батькивщина” партиясынан депутаттыкка шайланган эле.

XS
SM
MD
LG