Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:27

Ош шаардык соту бүгүн Кара-Суу шаарындагы “Ас-сарахсий” мечитинин имамы Рашод Камаловдун баш коргоо чарасын карайт. Ал мындан эки күн мурун ИИМдин 10-бөлүмүнүн жана Ош ОИИБ кызматкерлери тарабынан диний экстремизмге шектелип, кармалган. Имамдын үстүнөн “Маалымат каражаттары жана интернет аркылуу диний экстремизмге чакырган, халифат курууга жана Сириядагы согушка үндөгөн” деген айып менен кылмыш иши козголгон болчу.

Аталган мечитте намаз окуган жаштардын диний көз-караштары өзгөрүп бара жатканын айтып, буга чейин ата-энелер да нааразылыгын билдирип келишкен болчу. Кара-Суу районунун Нариман айлынын тургуну Сардор Саипжанов “Азаттыкка” уулу “Ас-сарахсий” мечитине барып намаз окуп жүрүп, көп өтпөй үй-бүлөсүн алып Сирияга кетип калганын айтып, бул үчүн мечиттин имамын күнөөлөгөн.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG