Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Экс-баш прокурор маалымат жыйынын өткөрөт


Анда Аида Салянова журналисттерге Баш прокурорлук кызматтан кетүүсүнүн себептерин ачыктайт. Ошондой эле алдыда алектенүүчү иштери, максаттары менен да бөлүшөт. Бул тууралуу Салянованын маалымат жыйынын уюштуруучулар “Азаттыкка” билдиришти.

Брифинг 11-февралда, Бишкектеги “Хаятт” мейманканасында болот.

Аида Салянова Баш прокурорлук кызматтан 22-январда кеткен. 28-январда Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңештин өкүлдөрү менен жолуккан учурда экс-баш прокурор кызматтан кетүүгө аргасыз болгонун айтканы кабарланган.

Маалыматтарга ылайык, Салянова башкы көзөмөл органын жетектеп турганда анын кызмат ордунда калуусу үчүн бир топ иштерди жасоо сунушталган. Ал мунун чоо-жайы жана келечек пландары тууралуу жакында коомчулукка маалымдарын координациялык кеңештин мүчөлөрүнө билдирген эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG