Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:53

Роскомнадзор Твиттерди Орусиянын мыйзамдарын, анын ичинде экстремизмге каршы күрөшүү тууралуу мыйзамдарды бузду деп айыптап, жакынкы күндөрү бул тууралуу кат социалдык тармактын жетекчилигине жиберилерин билдирүүдө.

Роскомнадзордун башчысы Александр Жаров кечээги сөзүндө “Твиттердин ар кайсы өлкөдөгү позициясы таң калтырат” деп айтты. Жаров компаниянын акыркы баяндамасына шилтеме кылып, пайдалануучулардын жеке маалыматтарын алуу үчүн аккаунттарын ачуу боюнча Твиттер өткөн жылы АКШнын 3000 өтүнүчүн канааттандырганын баса белгиледи. Ал эми Орусия 108 жолу суроо жиберип, бирөө да канааттандырылган жок деген Жаров Твиттердин айрым “орус өкмөтүнүн душмандары болгон” аккаунттарды жабуу жөнүндөгү өтүнүчкө да макул болбогону акылга сыйбайт деп эсептейт.

Өткөн жылы декабрь айында Твиттер жана Фейсбук баракчалары Алексей Навальныйдын баракчасын жабуу тууралуу орус бийлигинин суроосун канааттандырбай койгону кабарланган. Бул үчүн орустар аталган социалдык тармактар Орусиянын чөлкөмүндө таптакыр ачылбай калат деп да эскертишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG