Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Ысык-Көлдө мал уурулукка шектелип бир үй-бүлө кармалды


Ысык-Көлдө мал уурулукка шектелип 45 жаштагы жаран, анын аялы жана баласы кармалды. Бул тууралу “Азаттыка”облустун ички иштер башкармлыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине Жети-Өгүз районунун тургуну белгисиз адамдар 30-январь күнү эки жылкысын уурдап кетишкенин айтып, кайрылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 45 жаштагы И.Алишер, анын 42 жаштагы аялы Ы.Гүлмира, 15 жаштагы баласы кармалган. Учурда атасы менен баласы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аялы үй камагына чыгарылды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.(MK)

XS
SM
MD
LG