Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:04

Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт


Жарманкеде ыктыярчылар даярдаган тамак-аш сатылат. Андан түшкөн каражаттар көрүүсү начарлап бараткан Айзирек аттуу кыздын көзүнө жасалуучу операцияга которулат. Айзиректи колдоп, буга чейин бир катар аймактарда кайрымдуулук концерттери өткөн. Германияда боло турган операцияга 40 миң евро талап кылынып жаткандыктан, кайрымдуулук концерттерден түшкөн каражат жетпей жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Элим барсыңбы?” коомдук фондунун координатору Хабиб Арзыкулов билдирди.

Тамак-аш жармаңкеси Бишкектеги медициналык академиянын башкы корпусунда өтөт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG