Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Салянова: Өмүрүмө коркунуч болгондуктан аманат кат жазып койдум


"Коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат, аманат кат жазып, ишенимдүү жерге каттырып коюуга мажбур болдум", - деп билдирди бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда мурдагы баш прокурор Аида Салянова.

- Коркутуу мага эле эмес, үй-бүлөмө байланыштуу да болуп жатат, - деди Салянова.

Аида Салянова үч жылдан ашуун Башкы прокуратураны жетектеп туруп, жыл башында отставкага кеткен. Бүгүн ал кызматтан чегинүүсүнүн себеби катары Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан күрөшүндө мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин чечкиндүүлүгүн, колдоосун таба албай койгонун атады. (KE/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG