Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Бишкектеги Ала-Тоо конушунун жолдорун суу каптады


Ала-Тоо конушу. 10-февраль, 2015-жыл.
Ала-Тоо конушу. 10-февраль, 2015-жыл.

Бишкектин четиндеги Ала-Тоо конушунда 10-февраль күнү көчөлөрдү суу каптап, турак-жайларга чейин кирип кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Буга күн жылып, кардын ээриши себеп болууда.

Адистердин айтымында, конуш тургундары эшик алдындагы тазаланган карды бир жерге үйгөнү, арыктардын тазаланбаганы, айрым жерлерде такыр арык жок экени ушундай жагдайдын жаралышын шарттап жатат.

Министрлик сел кесепеттерин алдын алуу үчүн тургундарды кайдыгер болбоого чакырат. (SE)

XS
SM
MD
LG