Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

Сириялык 70, украиналык 17 качкын Кыргызстандан башпаанек сурады


Түркиядагы сириялык качкындар

Түркиядагы сириялык качкындар

Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбев билдирди. Анын айтымында, Сириядан келип башпаанек сурагандардын 55ине качкын макамы берилди. Дагы 15 кишинин арызы каралып жатат. Украинанын Луганск жана Донецк аймактарынан келген 17 кишинин арыздары да каралууда. Азырынча алар качкын макамын алыша элек.

- Сириядан Кыргызстанга качкандар 2013-жылы көпчүлүктү түзүп, 2014-жылы азайган. Украиналыктардын агымы болсо өткөн жылдын ортосунан көбөйө баштады. Эгер жакынкы күндөрдө ал жактагы согуш токтосо, качкын макамы ыйгарылбайт,- деди Сарыбаев.

Эгемендик жылдар учурунда Кыргызстанда 171 чет өлкөлүк качкын макамын алды. Алардын 113ү ооганстандык, 55и сириялык, үчөө ирандыктар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG