Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Абактарда ВИЧти алдын алуу долбоору жүрүүдө


Бул күндөрү Кыргызстандын абактарында иштеген социалдык кызматкерлер үчүн түрмөлөрдө ВИЧтин тарашын алдын алуу боюнча атайын семинар өтүүдө. Долбоорду АКШнын USAID программасы каржылап жатат.

10-13-февраль күндөрү түрмөлөрдө жана бейөкмөт уюмдарда иштеген социалдык кызматкерлер ВИЧ инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча жаңы маалыматтарды алууда. Алар абакта жаткан жана жаза мөөнөтү аяктап бошонгон жарандар арасында социалдык, медициналык жана юридикалык жардам алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү.

Ошону менен катар алар кургак учукту азайтуу багытында да иш алып барат.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда бүгүнкү күндө ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын жалпы саны 5,5 миңден ашты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG