Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

АКШ Йемендеги элчилигин жапты


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин маалыматында, өлкө борбору Сана шаарын шийиттердин козголоңчулары басып алып, кырдаал начарлаганына байланыштуу элчиликти жабуу чечими кабыл алынды.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жен Псакинин айтымында, Кошмо Штаттардын дипломатиялык миссиясы Санадагы абал турукташканга чейин токтотулду. Буга чейин Британия, Франция жана Германия элчиликтери убактылуу жабылып, кызматкерлер эки айлык эс алууга жөнөтүлгөн.

Мусулман шийиттердин “Ал-Хути” тобу январь айында Сананы басып алган. Президент Абдуллах Раббу Мансур Хади жана өкмөт отставкага кеткен. 6-февралда козголоңчулар парламентти таратып, убактылуу өкмөт түзүштү.

XS
SM
MD
LG