Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Ниязов: Саляновада толук саясый колдоо жана эркиндик бар болчу


Баш прокурор болуп иштеп турганда Аида Саляновага толук саясый колдоо жана эркиндик берилген. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди.

Ал Салянованын "коррупцияга каршы күрөштө өлкө башчы тарабынан саясый колдоо болбосо ийгиликке жетүү мүмкүн эмес" деген сөзүн туура деп атап, мындай колдоо жана эркиндик ага толугу бойдон берилгенин айтты.

- Көп убакыт бою Салянованын айланасындагы адамдардын прокуратуранын ишине кийлигишүүсү тууралуу маалымат тоголок кат, ушак-айың жана оозеки кеп түрүндө болуп келди. Президенттин мамилеси да ошого жараша болду. Бирок анык фактылар чыга баштаганда, менин билишимче, Аида Жеңишбековнага тиешелүү жыйынтык чыгаруу сунушу айтылган. Чындыгында, Салянова иштен кетүү тууралуу арызын президенттин "Ушундан кийин мен сизге кантип ишенем?" деген сөзүнөн кийин жазды, - деди Ниязов.

Фарид Ниязов ошондой эле Салянованын "президенттин тегерегиндеги интригалар" тууралуу айтканын түшүнбөй жатканын, Атамбаев кимдир бирөөнүн анын пикирине таасир этүүсүнө жол бербеген адам экенин Салянова жакшы билерин айтты.

Төрт жылга жакын убакыт Кыргызстандын Башкы прокуратурасын жетектеп келген Аида Салянова кызматынан 1,5 ай мурда арыз жазып кеткен.

Бүгүн ал Бишкекте маалымат жыйын куруп, коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүүдө президенттин саясый колдоосуна ээ боло албаганын, отставкага кетишине күйөөсүнө байланыштуу ачылган кылмыш иш себеп болбогонун, тергөө учурунда баары адилет териштирилсе ал иш сотко да жетпесин айткан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG