Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолу убактылуу жабылды


Чаткал районундагы Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 8-чакырымында бүгүн саат 15:30 чамасында болжол менен 300 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Райондук Жарандык коргонуу бөлүмүнүн өкүлдөрү атайын техника менен тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Министрлик тоолуу унаа жолдорунда 13-февралга чейин кар көчкү жана кар күрткүлөрү болорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG