Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Каракол шаарынын тургуну Ак үй алдына пикетке чыкты


Каракол шаарынын Бейше Жапаров көчөсүндө жашаган 59 жаштагы Замира Абдылдаева сот тармагын реформалоо, адилеттик орнотуу талабы менен бүгүн Ак үйдүн алдына пикетке чыкты.

Ал "Азаттыкка" билдиргениине караганда, Караколдо иштетип келген дарыканасынан айрылууда.

- 2007-жылга чейин ижарага алып иштетип келген дарыканам жайгашкан имаратты акчалуу кишилер сатып алып, иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Алар дарыканадагы товарымды тартып алды, - дейт Абдылдаева.

Ал бул иш боюнча сотко кайрылганын, талабы канааттандырылбаганын белгиледи.

Абдылдаева менен президенттик аппараттын соттук реформалар жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн адистери сүйлөшүп, бул маселени 3 күн ичинде карап чыгууга убада беришти. (SE)

XS
SM
MD
LG