Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Пакистан: Белужистанда он беш согушкер жок кылынды


Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан аймагындагы атыштан он беш согушкер жок кылынып, бир аскер окко учту. Бул тууралуу өлкөнүн коопсуздук күчтөрү кабарлады. Маалыматка ылайык, кармаш Хорон деген жерде 10-февралда орун алган. Атыштан үч аскер жараат алды. Бирок согушкерлердин курал-жарак сакталган кампасын ээлешти.

Иран жана Ооганстан менен чек аралаш Белужистан провинциясында ислам согушкерлери, суннит экстремисттери жана белуж жикчилери өтө активдүү. Пакистандын калкынын көбү сунниттер, шийиттер өлкөдө азчылыкты түзөт.

XS
SM
MD
LG