Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Тажикстан: оппозициялык саясатчы камакка алынды


Тажикстанда исламчыл оппозициялык саясатчы, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жамалоддин Махмудов камакка алынды. Аны мыйзамсыз ок атуучу курал сактаган деп айыптап жатышат.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча комитети Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлеринин бири Махмудов Душанбеде кармалганын билдирди. Комитеттин маалыматында, партиянын активисттеринин бири Латиф Сардоровдун үйүнөн эки тапанча жана ок-дарылар табылган. Полицияга көрсөтмөсүндө Сардоров тапанчаларды 1996-жылы Махмудов бергенин айтып берген.

Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы Борбор Азиядагы расмий каттоодон өткөн жана мүчөлөрү парламентте бар жалгыз диний партия болуп саналат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG