Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Белгияда террордук топтун негиздөөчүсү соттолду


Белгиянын Антверпен шаардык соту “Белгия үчүн шарият” террордук уюмунун башчысы Фуад Белкасемди 12 жылга кести. Ал Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун катарына согушуу үчүн адамдарды үгүттөп келген.

Абу Имран деген лакап ат менен белгилүү болгон Белкасем өзү түзгөн уюм өлкөдө шариятка негизделген башкаруу системасын киргизүүнү көздөрүн ачык айтып келген. Аны менен кошо 46 адамга айып тагылган. Бирок алардын тогузу гана сот алдына алынып келинди. Калгандары Сириядагы урушка катышып жүргөнү айтылууда.

“Ислам мамлекети” тобунун катарында 200гө жакын белгиялык согушуп жүрөт деген маалымат бар. Январ айында өлкөдө жүргүзүлгөн рейдде теракт уюштурууну пландады делген эки адам жок кылынган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG