Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Башкы прокуратура депутат Келдибековду камакка алууну cоттон өтүндү


Акматбек Келдибеков "Азаттыктын" Бишкек бюросунда, 4-август, 2011-жыл
Акматбек Келдибеков "Азаттыктын" Бишкек бюросунда, 4-август, 2011-жыл

Башкы прокуратура коррупцияга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековду Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алууну өтүнөт. Расмий кат бүгүн Биринчи Май райондук сотуна жолдонгонун башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматынан кабарлашты. Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго каршы козголгон кылмыш иштин оордугун жана айрым күбөлөргө басым көрсөтүшү мүмкүн экенин эске алып, соттон аны камакка алууну суранууда. Биринчи Май райондук соту прокуратуранын арызын качан карары маалымдала элек.

Маалыматка ылайык, Келдибеков Германиядан дарылоо курсун өтүп, Кыргызстанга 10-февралда келген. Адвокат Татьяна Чильникина Келдибеков сотко катышууга даяр экенин билдирип, бүгүн кылмыш ишти кароону жандантуу арызын жазган.

Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча айып коюп, мамлекетке 35 млн. сомдон ашуун зыян келтирген деген кине койгон. Келдибеков аны толугу менен четке кагып, кылмыш иштин артында саясат жатканын билдирип келатат.

XS
SM
MD
LG