Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Назарбаев Орусияга салынган санкцияларды “жапайычылык” деп атады



Нурсултан Назарбаев Берлинде. 9-январь, 2015-жыл

Нурсултан Назарбаев Берлинде. 9-январь, 2015-жыл

Казак президенти Нурсултан Назарбаев АКШ менен Евробиримдиктин Орусияга карата киргизген санкцияларын “жапайычылык” деп атап, бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасын доллардан алыстоого аргасыз кылып жатат деди. Ал 11-февралда өкмөттүн кеңейтилген отурумунда сүйлөгөн сөзүндө “Орусия экономикалык кыйынчылыктан чыгып кетерине ишенерин, бул Казакстандын да колунан келерин айтты. Ал рублдин арзандашы Казакстандын экономикасына да терс таасирин тийгизгенин айтып, буга “тышкы факторлордун” кысымы таасир этти, буга Евразиялык экономикалык биримдиктин эч кандай байланышы жок деп, Батышты кыйыр айыптап өттү.

Назарбаев ошондой эле жарандарга жана ишкерлерге акчаны доллар эмес, теңге түрүндө кармоону айтып, муну менен улуттук валютаны колдоого чакырды.

Казакстан 2010-жылдан бери Орусия, Беларус менен бирге Бажы биримдигинде, өткөн жылдын май айынан бери Евразиялык экономикалык биримдиктин курамында. Казакстандык көз карандысыз экономисттер өлкөнүн экономикалык абалы акыркы үч жылда бир топ алсызданганын айтып келишет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG