Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы жарандардын идентификациялык номерин өзгөртүү менен мыйзамсыз түрдө паспорт алмашырылган жаңы фактыларды аныкташты. Маалыматка ылайык, 2012-2013-жылдардын аралыгындагы бир эле жылда 2200 кыргызстандык жаранга идентификациялык номерин өзгөртүү менен мыйзамсыз түрдө паспорттору алмаштырылып берилген. Алардын ичинде мурда соттолгондор, издөөдө жүргөндөр жана башка мамлекеттерден депортацияланып келген адамдар бар.

Жүзү ачылган схемага ылайык, ортомчулардын кызматы менен Социалдык фонддун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жарандардын паспортторун мыйзамсыз түрдө өзгөртүп, ал үчүн белгилүү бир суммада акы алып турушкан. Жакында милиция ошондой ортомчулардын бирин, Токмок шаарынын тургунун кармады. Анын үйүн тинтүү учурунда 18 паспорт, мамлекеттик каттоо кызматына таандык маанилүү кагаздар, бланктар табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө бул ишке Бишкектеги жарандык актыларды каттоо кызматынын жана Социалдык фонддун кызматкерлеринин тиешеси бардыгы аныкталган. Мындай кызматы үчүн ортомчулар жарандардан 800-1000 доллар акы алып жүрүшкөнү белгилүү болду.

ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан жыл башынан бери эле жарандардын паспортун мыйзамсыз алмаштыруу боюнча беш кылмыш иши козголгон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG