Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Обама Конгресстен ИМ тобуна каршы сокку урууга уруксат сурады


Шаршембиде Конгресске жолдогон резолюциясында АКШ президенти алдыдагы үч жыл ичинде географиялык аймагы чектелбеген, “күтпөгөн жагдайларга арналган” жагдайларда деп, бирок негизинен ИМ тобуна каршы аскердик күч колдонууга уруксат сураган. Резолюцияда айтылгандай, мында Сирияга же Иракка америкалык аскер күчтөрүн жайгаштырып, кандайдыр бир операцияларды жүргүзүү тууралуу кеп жок.

Акыркы жолу Конгресс 2002-жылы ошол туштагы президент Жорж Буштун Иракка кирүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырган.

АКШ баштаган антитеррордук коалициянын аба күчтөрү ИМ тобунун позицияларына былтыртан бери 2300 ирет сокку урган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG