Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Жел кеме спорту өнүктүрүлөт


Балыкчы шаарындагы Жел кеме (парус) спорт мектебине 2014-жылы оптимист классындагы 48 яхта сатылып алынды. Бул тууралуу спорттун суудагы түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген республикалык балдар өспүрүмдөр мектебинин директору Ильвира Жогина билдирди. Анын айтымында, яхталарды сатып алууга Ысык-Көлдүн өнүктүрүү фонду тарабынан 3 млн.900 миң сом бөлүнгөн. Эми Кыргызстанда жел кеме спортунун оптимист классы боюнча Азия чемпионатын Ысык-Көлдө өткөрсө болот. Эл аралык мелдештерди өткөрүү үчүн спорт мектебинин базасын, жатаканасын жакшыртуу үчүн быйылкы жылдын бюджетинен бөлүнгөн каражаттар жумшалат.(ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG