Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Дене тарбия агенттигинин алдында дирекциялар түзүлөт


Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында үч дирекция түзүлөт. Бул тууралуу аталган агенттиктин директору Кадырбек Эргешов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча 2014-2017-жылдарга карата программанын алкагында мамлекеттик агенттик ички курамына өзгөртүү киргизет. Жаңы түзүмгө ылайык, буга чейин иштеп келген спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борбору жана улуттук курамаларды олимпиадалык даярдоо борбору Республикалык дирекцияга өзгөртүлөт. Ага кошумча спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча республикалык жаңы негизделет.
“Жаңы дирекцияларды түзүүдө спортту 3 категорияга бөлгөн дүйнөлүк практика эске алынган. Олимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөр боюнча 3 багытта иш алып баруу менен атаандаштыкты күчөтүп, спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун арттырат деп ишенебиз”, -дейт Кадырбек Эргешов.(ECh)

XS
SM
MD
LG