Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Гемофилиянын дарысына жетиштүү каражат бөлүнбөй жатат


Кыргызстанда гемофилия дартына чалдыккандардын дары-дармегине мамлекеттен жетиштүү каражат бөлүнбөй жатат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө гемофилия менен ооруган 300 адам бар. Былтыр аларга дарыны бекер алып берүү үчүн мамлекеттен 13 миллион сом бөлүнгөн. Бирок бул сумма 124 адамдын, көбүнчөсү балдардын дарысына гана жетет. Калган 176 оорулуу дарыны бекер алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Депутат бул дарттын оордугун эске алып Каржы министрлиги тиешелүү сумманы бөлүп берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Гемофилия - кандын уюу процесси бузулушуна байланышкан оору. (RK)

XS
SM
MD
LG