Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Интернеттеги тапанчачан жигит кармалды


Тапанча жана Жогорку Кеңештин кызматкеринин күбөлүгүн кармап түшкөн сүрөтүн интернетке жарыялаган жигитти ИИМдин 10-башкармалыгы кармады. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, 1993-жылы туулган ал жигитке эскертүү берилди.

- Сүрөттөгү күбөлүктүн ичи актай экен. Эч кимге тиешеси жок. Ал эми газ тапанчасы анын досунуку болуп чыкты. Бирок ал тапанчаны колдонууга уруксат кагазы жок экен. Ошол боюнча административдик материал топтолуп атат, - деди Сейитов.

Мурдараак бир колуна Жогорку Кеңештин күбөлүгүн, бир колуна тапанча кармаган жигиттин сүрөтү интернетке чыгып, кызуу талкууга алынган. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG