Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Жоошбеков: Камаловдун кармалышын саясатташтырбагыла


"Рашод Камаловдун кармалышын саясат кылып, түрдүү аракеттерге барууну токтотуш керек" деди бүгүн парламентте сүйлөп жатып КСДП фракциясынан депутат Заирбек Жоошбеков.

- Камалов күнөөлүү же күнөөсү жок деп азыр эч ким айта албайт. Урматтуу Кара-Суу шаарынын тургундары, ал кылмышка шектүү деп гана кармалды. Күнөөсү барбы же жокпу, аны тергөө аяктагандан кийин сот гана аныктайт, - деди Жоошбеков.

Кара-Суу районунан шайланган депутат ошондой эле өлкөдөгү диний кырдаал оорлошуп кеткенин айтып, жарандар мамлекет тарабынан берилген диний эркиндикти баалабай жатат деген пикирин билдирди.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун чек арага жакын жайгашкан айылындагы «Ас-Сарахсий» мечитинин өзбек тектүү 37 жаштагы имамы Рашод Камалов мамлекеттик түзүлүштү бузууга чакырык жасаган, улут аралык кастыкты козуткан деген шек менен 9-февралда камакка алынган. Анын миңге чукул тарапкери чогулуп, кайра ошол эле күнү тарап кеткен болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG