Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Порошенко: Минсктеги саммиттен азырынча жакшы кабар жок


Украинанын президенти Петро Порошенко Минсктеги саммиттен азырынча жакшы кабар жок экенин билдирди. Анын айтымында, Орусия аткарууга туура келбеген шарттарды коюп жатат. Ошентсе да Порошенко саммиттен келишимге жетишүүгө үмүт бар экенин билдирди.

Беларустун борбору Минскте Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча “Нормандия форматындагы” жолугушуу 14 сааттан бери уланууда. Ага Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери катышууда.

Reuters агенттиги маалымдагандай, жолугушуу жыйынтыгында атайын документ даярдалары күтүлүүдө. Ага ылайык, тараптар Украинанын чыгышындагы ок атышууну 14-февралдан тарта токтотууга макулдашуусу мүмкүн. Мындан сырткары жаңжал аймагынан оор техниканы жана чет элдик аскерлерди чыгарып кетүү, куралсыз зона түзүү да каралган.

Орус маалымат каражаттарынын жазышынча, бул документ Украина боюнча түзүлгөн үч тараптуу контакттык топко берилди. Бул топтун жыйынына өзүн Донецк жана Луганск республикалары деп жарыялап алгандардын жетекчилери келишти.

XS
SM
MD
LG