Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Порошенко: Украина аймагынан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылат


Петро Порошенко
Петро Порошенко

Украинанын президенти Петро Порошенко жаңы макулдашууга ылайык өлкө аймагындагы чет элдик аскерлердин баары үч жуманын ичинде чыгарылып, барымтадагылар бошотулушу керектигин билдирди.

Порошенко ошондой эле украиналык учкуч Надежда Савченконун бошотулушу боюнча да макулдашуу жетишилгенин билдирди.

Учкуч Савченко өткөн жылдан бери Орусияда камакта. Аны орус тергөөчүлөрү "Луганскта орус журналисттерин өлтүргөн, кийин качкын катары Орусияга келип алган" деп айыптап келишет. Бирок учкуч жана Украина тарап муну четке кагууда.

Беларустун борбору Минскте Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча “Нормандия форматындагы” жолугушуу 16 саатка уланып, бүгүн төрт өлкөнүн лидерлери макулдашууга жетишти.

Ага ылайык, Украинанын чыгышындагы ок атышуу 15-февралдан тарта токтотулат жана жаңжал аймагынан оор техника чыгарылат.

Минсктеги саммитке Орусия, Франция, Украина жана Германиянын лидерлери катышты.

XS
SM
MD
LG