Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Украина: чатакты токтотуу келишимине кол коюлду


Орусиянын президенти Владимир Путин саммиттен кийин
Орусиянын президенти Владимир Путин саммиттен кийин

Украинанын чыгышында ок атуулар 15-февралда түн ортосунан тартып токтотулат. Бул жөнүндө Минскидеги саммиттен соң президент Владимир Путин билдирди. Франциянын президенти Франсуа Олланддын айтымында, саммитте Украинадагы кризисти жөндөө боюнча глобалдык саясий келишим түзүлдү.

16 сааттан ашык созулган Минск сүйлөшүүсү аяктады. Саммиттен кийин президент Путиндин билдиришинче, макулдашууга ылайык, 15-февралда түн ортосунда ок атышуулар токтотулат. Украин армиясы азыркы согуш линиясынан, орусиячыл жикчилдер былтыр 19-сентябрда Минскиде белгиленген чектен оор аскердик техникаларын алып кетишет.

"Кол коюлган келишимге жараша украин чек арачылары 2015-жылдын аягына чейин Орусия менен мамлекеттик чек араны толук көзөмөлгө алууга тийиш" деп билдирди украин президенти Петро Порошенко. Анын сөзүнө караганда, бардык чет элдик аскерлер Украина территориясынан чыгарылып, үч жуманын арасында “барымтадагылардын” бири калбай бошотулушу керек.

Александр Лукашенко жана Петро Порошенко
Александр Лукашенко жана Петро Порошенко

Бул жерде Порошенко чет элдик аскерлер деп, орусиялык күчтөрдү айтууда. Бирок Москва расмий Киевдин жана Батыштын ырастоолоруна карабай, Украинанын чыгышында аскерибиз жок деп жүрөт.

Беларустун борборундагы сүйлөшүүгө Порошенко жана Путинден башка дагы Германия канцлери Ангела Меркел, Франция президенти Франсуа Олланд, ошондой эле донбасстык жикчилдердин расмий өкүлдөрү катышты.

Жыйынга Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун атайын чабарманы, швециялык дипломат Хайди Талявини арачылык кылды.

Саммит бүткөндөн кийин айтылгандай, эми украин бийликтери жана жикчилдер куралдуу калабаны токтотуп, жаңжалды жөндөөнүн саясий жараянын баштоосу керек.

Украин жоокери
Украин жоокери

Минскидеги “Норманд форматында” өткөн саммитте жогоруда жетишилген маселелерден башка да Донецк жана Луганск облустарындагы орусиячыл козголоңчулардын кол астындагы аймактардын айрым бөлүгү алардын көзөмөлү астында калуусун, аларга автономия берүүнү жана финансылык камоого алууну токтотууну Орусия талап кылган. Бул жөнүндө Associated Press агенттиги кабарлады.

Президент Порошенко саммит бүтөр алдында танаписке чыкканда “эч кандай жакшы кабар жок” деп, Орусия сүйлөшүүдө “ынангыс” талап коюп жатканына көңүл бурган жана абал оор экенин айтып, Меркел жана Олланд “көп жардам берип” жатышканын белгилей кеткен.

Былтыр апрелден бери Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер менен украин күчтөрү ортосундагы согушта, БУУнун эсебине караганда, 5350дөн ашуун адам курман болгон.

11-февралда гана Украин куралдуу күчтөрү маалымдагандай, Дебальцево шаарынын жанындагы атышууларда 17 аскер жана Ички иштер министрлигинин эки жоокери катардан чыккан. 78 адам жараат алган.

Украинанын чыгышындагы жаңжал оту Орусия былтыр мартта Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин тутанган болчу.

Киев жана Батыш өкмөттөрү эгер жаңжал басылбаса, Москва аны пайдаланып, Украинаны алсыздандырууну жана өлкөнү НАТОдон тыш кармоого умтулууда деп боолгошот. Ошондой эле Кремл жикчилдерди Донецктен Крымга чейинки аймакты басып алууга шыкактайт деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG