Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

“Азаттыктын” видео сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды


Видео сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо
Видео сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо

"Азаттык" радиосу “Менин баяным” видео сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды. Үч ай бою жарыяланган сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан чыныгы, кызыктуу турмушту чагылдырган 50гө чукул видео тасма келип түштү.

Натыйжада малчылардын турмушун баяндаган "Тиричилик" тасмасы 1-орунду ээлеп, автору Бексултан Абубакир 500 доллар акчалай сыйлык алды. Темир Азем уулунун "Максатбек" тасмасы 2-орунга татып, 300 доллар, Автандил Абдыкадыр уулунун “Жол” аттуу тасмасы үчүнчү орунду ээлеп, 200 доллар менен сыйланышты.

Мындан тышкары Аманжан Акимовдун “Алтын чайкаган агай”, Айзирек Акмолдоеванын “Мен ырдасам, мен жашайм”, Асейин Мааданбековдун “Келдибек мергенчи” тасмасы кызыктыруучу сыйлыктарга арзыды.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу жана алар тарткан тасмалар жакында Коомдук биринчи каналдагы “Азаттык+” телепрограммасынан көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG