Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Күйүүчү май дагы арзандашы мүмкүн


Кыргызстанда күйүүчү май февралда дагы арзандашы мүмкүн, ал эми мартка карата азырынча болжол жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

- Бирок канча сомго чейин түшүшү белгисиз. Акыркы айлардагы күйүүчү май баасынын төмөндөшүнүн негизги себеби керектөөнүн сезондук кыскарышынан улам. Ошондой эле Орусиядагы заводдор күйүүчү майдын дүң баасын төмөндөттү. Мындан тышкары мунайдын баасы да күндөн күнгө арзандап жатат, - деди Кулов.

Жыл башынан тарта бензин 6-7 сомго арзандаган. Бүгүн, 12-февралга карата 1-2 сомго арзандады. Ал эми айдап-себүү учурунда күйүүчү-майлоочу майдын баасы кандай болору азырынча дайынсыз. (МТо)

XS
SM
MD
LG