Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

“Аль-Жазиранын” Египеттеги журналисттери күрөөгө бошотулду


Египет соту “Аль-Жазира” телекомпаниясынын эки журналисти Мохаммед Фахми менен Бахер Мохаммедди күрөөгө бошотуу чечимин чыгарды. Күрөөгө коюлган акчанын суммасы 33 миң долларды түзөрү маалымдалды.

Ошондой эле сотто журналисттерге карата кылмыш иши ачык бойдон калары айтылып, кийинки отурум 23-февралга белгиленди.

1-февралда Египет түрмөсүнөн “Аль-Жазиранын” австралиялык журналисти Питер Гресте бошотулган.

Аталган журналисттер Египетте тыюу салынган “Мусулман агайындар” тобу менен кызматташып, өлкө тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталышкан. Египет бийликтеринин жүйөсүндө, “Ал-Жазиранын” журналисттери “Мусулман агайындардын” таламын коргоп, аларга кызмат кылган. Мындан улам алар жетиден он жылга чейин абакка кесилген. Бирок каналдын жетекчилиги бул айыпты четке кагып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG