Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Орусиялык гей түгөйдүн сүрөтү World Press Photo сыйлыгына татыды


Даниялык сүрөтчү Мадсон Ниссен

Даниялык сүрөтчү Мадсон Ниссен

Даниялык сүрөтчү Мадсон Ниссен тарткан орус гей түгөйдүн сүрөтү абройлуу World Press Photo Award сыйлыгына татыды. Бул тууралуу бүгүн сыйлыктын расмий сайтында кабарланды.

Автордун айтымында, Санкт-Петербург шаарында тартылган бул сүрөттү ал “Ромео жана Жульеттанын" заманбап окуясы катары кабыл алат.

“Сүрөттө экөөнүн сезимдерине тоскоол болууга аракет кылган тышкы күчтөргө туруштук берген сүйүү чагылдырылган” - дейт Ниссен.

Сүрөт 2014-жылдын 18-майында “Орусиядагы гомобофия” деген долбоордун алкагында тартылган. Долбоор Орусиядагы сексуалдык азчылыктардын жашоосу канчалык оор экенин көрсөтүүгө багытталган.

Быйыл эл аралык World Press Photo сынагына 131 өлкөдөн беш жарым миңден ашык фотограф катышкан. Калыстар тобун The New York Times басылмасынын фото бөлүмүнүн башчысы Мишель МакНелли жетектеди.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG