Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03

Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча коңшуларынан алдыга озду


Сөз эркиндигинин индекси. 2015-жыл

Сөз эркиндигинин индекси. 2015-жыл

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча алдыга чыгып, 88-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун жылдык баяндамасында айтылат. Маалыматта айтылгандай, коңшулаш Тажикстан 116-орунда, Казакстан 160, Өзбекстан 166, Түркмөнстан тизмедеги эң акыркы орунда Түндүк Корея менен катарлаш 180-орунда турат.

Баяндамада белгиленгендей, 2014-жылы дүйнө жүзү боюнча сөз эркиндигинин деңгээли бир кыйла төмөндөгөн. Анда айтылгандай, иликтөөгө алынган 180 өлкөнүн жарымынан көбүндө сөз эркиндиги мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ ылдыйлап кеткен. “Чек арасыз кабарчылар” уюму муну “ИМ” тобу, “Боко Харам” сыяктуу экстремисттик топтордун күчөгөнү, маалыматтык согуш жүрүп жатканы жана басылмаларга жасалып жаткан кысымдардын күч алышы менен байланыштырган.

Уюм 2014-жылы сөз эркиндигинин бузулган 3719 учурун каттаган, бул мурдагы жылдагы көрсөткүчтөн 8% көп.

Сөз эркиндиги бар деген мамлекеттердин башында Финляндия турат, аталган өлкө ушуну менен ,бешинчи жыл рейтингдин лидерлигин бербей келүүдө. Андан кийинки орундарда Норвегия, Дания, Нидерланды жана Швеция турат. Украина 129, Орусия 152-орунда. АКШ тизменин 49-катарында турат, өткөн жылы Америкада сөз эркиндиги үч орунга төмөндөгөн.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG