Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

Сот Царнаевдин адвокатынын өтүнүчүн карап көрүүгө макул болду

АКШнын Федералдык апелляциялык соту Жохар Царнаевдин адвокаттарынын өтүнүчү менен, сот процессин Массачусетс штатынан тышкары жүргүзүү боюнча атайын угуу өткөрүүгө макул болду.

Соттук угуу 19-февралда өткөрүлөт.

Царнаевдердин адвокаттары Массачусетс соту ишти бейтарап карабайт деп бир нече жолу билдирген эле.

Жохар Царнаев 2013-жылдын 15-апрелинде Бостон марафону учурунда эки жардырууну уюштурган деп айыпталууда. Окуяда үч адам мерт кетип, 250 адам жараат алган. Жохар өзү Бостондун жанынан кармалган, андан бери камакта, бирок күнөөнү моюнуна албай келүүдө. АКШ прокуратурасы ага өлүм жазасын берүүнү суранган.

Окуяга байланыштуу Царнаевдердин эки таанышы соттолгон.

Буга чейин Царнаевдин адвокатынын жараяндын мөөнөтүн жылдыруу жана сотту Бостондон башка жерде өткөрүү боюнча өтүнүчү четке кагылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG