Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

АКШ Сенаты коргоо министрликке Эштон Картердин талапкерлигин жактырды


Картер өткөн жылы ноябрда коргоо министрликтен кеткен Чак Хейгелди алмаштырат. Хейгелдин отставкасы ислам согушкерлери менен күрөшүү, Украина жана Сириядагы согуштарга байланыштуу Ак үй менен пикир келишпестиктен улам болгону кабарланган. Эми Картердин бирден бир милдети Обама Конгресске сунуш кылган “ИМ” тобуна каршы күч колдонуу боюнча резолюцияны колдоп берүү болот. Бирок Обаманын бул сунушун республикачылар да, демократтар да сындап чыгышты.

Эштон Картердин талапкерлигин Барак Обама сунуштаган. Сенат колдоп берсе, АКШ президенти аны жаңы ордуна дайындайт.

Эштон Картер 2011-2013-жылдары Пентагон башчысынын 1-орун басары болуп иштеген.

Бийликке келген алты жыл аралыгында Барак Обама ушуну менен төртүнчү коргоо министрин алмаштырып отурат.

XS
SM
MD
LG