Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Балдар үйлөрүнөн чыккан улан-кыздардын тагдыры иликтенди


Иликтөөнү «Оэйсис» коомдук кайрымдуулук фонду жана «Биздин үнүбүз» коомдук фонду жүргүзүп, анда балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн социалдык жактан алсыздыгына байланышкан маанилүү маселелер каралган. Бүгүн Бишкекте аталган иликтөөнүн жыйынтыгы коомчулукка тааныштырылат. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” белгилөөсү боюнча, изилдөөнүн максаты - балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн абалына баа берүү жана мамлекет менен жарандык коомдун көңүлүн буруу болгон.

Иликтөөнүн жыйынтыгы алардын арасында тоголок жетимдер менен ата-энесинин камкордугунан ажырагандардын ортосунда социалдык жактан коргоодо айырма чоң экенин аныктады деп айтылат маалыматта. Алсак, мыйзамда тоголок жетимдер үчүн айрым жеңилдиктер каралган, ал эми ата-энесинин камкордугунан ажыраган бүтүрүүчүлөр эч кандай колдоосуз жашоого дуушар болушууда.

Сурамжылангандардын төрттөн бири эч жерде катталган эмес, 75% убактылуу каттоого турушкан. Эмгек китепчеси 18.8% гана бар, ал эми эмгек келишими 14.8% гана бар. Сурамжылангандардын 8% ата-энесинен калган турак жайга укуктары бар, бирок түрдүү себептер менен ал турак жайларда жашоого мүмкүнчүлүктөрү жок. Бүтүрүүчүлөр же окууну же жумушту тандоого мажбур болушкандыктан алардын 3.2% гана жогорку билим алгандыгы тууралуу диплому бар.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG