Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Энергетикадагы башкарууну реформалоо тобу түзүлөт


Энергетика тармагындагы башкарууну реформалоо боюнча жумуш топ түзүлөт. Мындай сунуш кечээ Энергетика жана өнөр жай министрлигинде өткөн жыйында айтылды. Вице-премьер-министр Валерий Дилдин айтымында, былтыркы жылы суу аз болгонуна байланыштуу энергетика тармагында үнөмдөө жана рационалдуу пайдалануу саясаты жүрдү. Мындан ары электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн инвестиция тартылып жатат. Учурда 15 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда.

Талкуунун жыйынтыгында быйылкы жылы энергияны бөлүштүрүүчү ишканалардагы жоготууну 15 проценттен ашырбоо планы коюлду. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG