Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Талас: Суу каптаган аймактагылар көчүрүлдү


Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында кечээ кечинде катуу жаандан жана кардын эришинен улам Кара-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, турак үйлөрдү каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, суу каптаган турак жайлардын саны 20га жакындады, анын ичинен 5 үй-бүлө туугандарыныкына көчүрүлдү.

Ак-Дөбө айылынын эки көчөсүн да суу каптады.

Нөшөр жаанга байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн районунда да Төмөнкү Ала-Ача айылында бир үйдү суу каптады.

Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG