Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

УКМК: Чүйдө жер сатуудан мамлекетке ири зыян келтирилген


Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы Чүйдө жер участогу мыйзамсыз сатылып, мамлекетке ири суммада зыян тийгени боюнча кылмыш иш козгоду. Аталган мекемеден кабарлашкандай, 2013-жылы Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Орто-Сай айылындагы 18 сотка жерди мыйзам бузуу менен сатып жиберген. Жер 180 миңге сатылган, бирок чыныгы баасы андан бир топ жогору экени аныкталган.

Учурда атайын кызмат ортодо дээрлик 5,5 миллион сом мамлекеттик казынага түшпөй калганына ким күнөөлүү экенин териштирип жатат.

Бишкек шаарынын тегерегиндеги жер тилкелердин баасы жылдан жылга өсүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG