Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:25

Документи жоктор маселеси талкууланат


Бүгүн Бишкекте өздүк документи жок жүргөн жарандар боюнча талкуу өткөнү жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Парламенттин укук комитети бул көйгөйдүн себептерин жана маселени чечүү чараларын мекемелар, бейөкмөт жана эл аралык уюмдар менен бирге талкуулайт.

Уюштуруучулардын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Бишкек шаарында 2013-жылы ким экенин тастыктаган документи жок 1577 адам катталган. Алардын 436сы балдар.

Ал эми республиканын алкагында бул боюнча так статистика жок, себеби маселе эми гана көтөрүлө баштады. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG