Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Акун: Салянова амбициялуу саясатчылардын жолун кайталады


Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын отставкасына жана жакында жасаган саясий билдирүүлөрүнө карата өз пикири менен бөлүштү. Ал президент Алмазбек Атамбаев Аида Саляновага ар тараптуу колдоо көрсөтүп келгенин, коррупцияга каршы күрөш бийликтин көрсөтмөсүнүн негизинде оппозиция өкүлдөрүнө каршы гана жүргүзүлгөнүн айтты.

- Президенттин айланасы ага каршы иштесе эмне үчүн аны мамлекет башчыга ачык айтып чечишип албайт, үй-бүлөсүнө жана өзүнө коркунуч жаралып жатканын акыл калчап туруп айтыш керек эле, себеби оор заман менен күрөшкөн демократиялык күчтөр, укук коргоочулар көргөн кыйынчылыктарды Салянова көргөн жок. Ал башка чолок ойлуу, амбициялуу саясатчылардын жолун кайталады, - деди Акун.

Баш прокуратураны дээрлик 4 жыл башкарган, коррупцияга каршы бир топ чуулгандуу иштерди козгогон Аида Салянова жыл башында отставкага кеткен. 11-февралда Бишкекте пресс-конференция өткөрүп, ал коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүүдө президенттен колдоо таппай калганына байланыштуу кызматтан кетүүгө мажбур болгонун, коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын айткан болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG