Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Милиция: Ысык-Көлдөн Сирияга 12 адам кеткен


"Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү
"Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү

Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көл облусунан Сирияга кеткендердин жалпы саны 12 адам болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, алар - беш үй-бүлөдөн аял-күйөөсү болуп 10 киши жана дагы 2 киши.

Маалыматтарга ылайык, Кыргызстандан Сирияга кетүү агымы 2012-жылдын аягында башталган. Ошондон бери Сириядагы согушка кеткендердин саны 200дөн ашты, арасында отуздан ашуун аял бар.

Ошондой эле Сирияга үй-бүлөсү менен, ымыркай балдарын да алып кеткендер көп каттала баштады. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG