Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Евробиримдик: Орусия Минск келишимин бузса жаңы санкция киргизилет


Орус бийлиги Минск келишиминин шарттарын аткарбаса, Орусияга карата жаңы санкциялар киргизилет. Бул тууралуу Германия канцлери Ангела Меркел Евробиримдиктин Брюсселдеги саммитинен кийинки маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, биримдиктин лидерлери Еврокомиссияга Минск келишими бузулса Орусияга көрүлчү чараларды даярдоону тапшырган. Ал эми Орусияга буга чейин киргизилген санкциялар мурда коюлган талаптар аткарылган соң гана алынары эскертилди.

Ушундай эле эскертүүнү Франциянын президенти Франсуа Олланд да жасады. Бирок Олланд келишимде көрсөтүлгөн ок атууну токтотуу боюнча шарт кынтыксыз аткарылса Орусияга карата санкцияларды жумшартуу жараяны башталышы мүмкүндүгүн четке каккан жок.

Ушул аптада Евробиримдик Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизген. Анда Украинанын чыгышына жаңжалга көмөктөштү деп шектелген 19 адам жана тогуз компания киргизилди. Бирок жаңы санкциялар 16-февралдан тарта күчкө кирет. Бул Украинанын чыгышына тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылбоо аракети менен түшүндүрүлгөн болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG