Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Пакистанда эки адам өлүм жазасына тартылды


Пакистанда өткөн жылдын декабрында өлүм жазасына мораторий алынгандан бери 24 адам ушундай жол менен жазага тартылды. Бул ирет дарга асылган эки адам Кашмир провинциясындагы жергиликтүү чиновниктин уулун өлтүргөн деп айыпталган эле.

Пакистан бийлиги 16-декабрда Пешавардагы мектепке жасалган чабуулдан соң өлүм жазасына мораторийди алып салган. Анда аскерий башкаруудагы мектепке талиптер кол салганда 150дөн ашык адам набыт болгон. Көбү окуучулар эле.

Бирок БУУ, Евробиримдик жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Пакистан бийлигин өлүм жазасана кайрадан мораторий киргизүүгө чакырып келишет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG