Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Пакистанда мечиттеги кол салууда 19 адам ажал тапты


Пакистан
Пакистан

Согушкерлер өлкөнүн түндүк-батышындагы Пешавар шаарындагы шийит мечитине кол салды. Андан 19 адам мерт кетип, 60тан ашыгы жараат алды.

Күбөлөрдүн айтымында, кол салуу жергиликтүү тургундар жума намаз үчүн мечитке чогулган учурда болгон. Согушкерлер алгач мечитти көздөй кол гранаталарды ыргытып, андан соң ок ачышкан.

Теледен мечиттен тез жардам менен жарадарларды ташып жатканы көрсөтүлүүдө.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Пакистанда диний жек көрүүдөн улам зордук-зомбулук көп катталып келет. Акыркы жылдары сунниттер менен шийиттер ортосундагы тиреш күчөп, кол салуулар токтобой келет.

XS
SM
MD
LG