Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:23

АКШда өлтүрүлгөн үч мусулмандын сөөгү жерге берилди


АКШда ушул аптада өлтүрүлгөн үч мусулман студент жерге берилди. Аларды акыркы сапарга узатууга миңдеген адамдар катышты.

Шаршембиде 23 жаштагы Деа Шади Баракатты, анын 21 жаштагы жубайы жана 19 жаштагы карындашы атып өлтүрүлгөн. Алардын өлүмүнө шектүү катары 46 жаштагы Крейг Стивен Хикс кармалган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча чыр Чапел-Хилл шаарынын Түндүк Каролина университетинин алдындагы унаа коюучу жайдагы талаш-тартыштан улам чыккан. Бирок кылмышкер буга диний жек көрүүдөн улам барышы мүмкүн деген версия да каралууда. Анткени Хикс Фейсбуктагы баракчасында өзүн ашынган атеист катары сыпаттап, мусулман, христиан жана башка дин өкүлдөрүнө сын айтып келген.

АКШдагы мусулман активисттер бул окуянын кылдат иликтенишин талап кылууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG