Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

Убактылуу өкмөт улутташтырган мүлк маселеси талкууланды


Бүгүн вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы менен Убактылуу өкмөттүн тушунда улутташтырылган жерлер жана объекттер боюнча мекеме аралык комиссиянын жыйыны өттү. Жыйында комиссиянын регламенти бекитилип, түшкөн арыздар карала баштады.

Маматалиев ар бир арыз боюнча кылдат териштирүү жүргүзүү керектигин талап кылып, улутташтырылган объекттердин такталган тизмесин 10 күн ичинде даярдоо тапшырмасын берди.

Аталган комиссия 2014-жылдын 11-июлунда Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимине ылайык түзүлгөн болчу.

Комиссияга арыздар 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декреттери менен улутташтырылган жеке менчик ээлери кайрылган. Алар - Жалал-Абад шаарындагы жер тилкеси жана имарат, «Таш-Көмүр" ишканасы, Канттагы цемент чыгарган завод, көлдөгү «Витяз», "Аврора Грин" эс алуу жайлары. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG