Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Бир катар өлкөлөр Йемендеги элчилигин жапты


Германия, Италия жана Сауд Аравия Йемендин борбору Сана шаарын шийиттердин козголоңчулары басып алып, кырдаал начарлаганына байланыштуу элчиликти жапты. Ушул апта башында Британия, Франция жана АКШ бийликтери дал ушундай чечим кабыл алган эле.

Италия Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, бул өлкөнүн дипломатиялык миссиясы Санадагы абал турукташканга чейин токтотулду.

Ал эми Сауд Аравиясынын бийлик өкүлдөрү болсо, өлкөдөгү “саясий абал жана коопсуздуктун начарлашы" элчилик кызматкерлерин чыгарып кетүүгө себеп болгонун билдирди.

Мусулман шийиттердин “Ал-Хути” тобу январь айында Сананы басып алган. Президент Абдуллах Раббу Мансур Хади жана өкмөт отставкага кеткен. 6-февралда козголоңчулар парламентти таратып, убактылуу өкмөт түзүштү.

XS
SM
MD
LG